КАРАКОЛ ШААРЫНЫН АРДАГЕРЛЕРИ


Войцеховский Николай Михайлович

Войхецовский Николай Михайлович

1923-жылы 27-октябрда Ысык-Көл областында Соколовка айылында көп балалуу үй-бүлөөдө төрөлгөн, беш эркек, беш кыз бир тууганы бар.                         1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып Алма-Атадагы Кавалериялык бөлүктө кызмат өтөгөн. 1943-жылы Польшага туш келет. Ал эми 1944-жылы декабрь айында жарадар болот. Үч ай Пруссияда госпитальда дарыланып андан кийин 218-запасной полкто Броославель шаарына которулат. Экинчи Белорусь  фронтунда анда маршал Рокоссовский башчылык кылып турган. Николай Михайловичти Москва шаарына которушат. Кызмат өтөөрдүн алдында «Красное знамя» юбилейлик медалы менен, «Жеңиш күнүнө» 30 жыл, 40 жыл, 50 жыл, 60 жыл жана «Жуков», «Эмгектин ардагери», «Согуштун ардагери» деген медалдар менен сыйланган. Өзү согушта майданда жүрүп бир жигит менен танышат. Анын ата-энесин, бир туугандарын немецтер бүт кыштагын өрттөп жиберишет, ошентип баары өлүшкөн. 1947-жылы Николай Михайлович анны өз айылына алып чогуу ала келет. Ошентип 13 бала болуп калат. Бирок атабыз эмнеси болсо да өз ата-энеңди, бир туугандарыңды изде дейт. Ошентип сураштырып жүрүп өз ата-энесин, бир туугандарын таап алат. Көрсө бомба түшкөндө алар токойго качып барышып, тирүү калышкан экен кийин аларды Кыргызстанга чакыртып Караколдо жашап калышыптыр. Николай Михайлович 1942-жылы үйлөнүп  3 кыздуу болгон. 1983-жылы пенсияга чыгып, эс алууда.

Жумабаев Абугали

Жумабаев Абугали

1925-жылдын 15-январында төрөлгөн Волхов, Калининград батыштагы согуштарга катышкан. Биринчи жана үчүнчү Прибалтика, Ленинград фронтунда, Великие Луки, Невель, Подольск, Шедляй, Пила, Кенигсберг шаарларын бошотууда жашыруун аскер бөлүгүндө батальон командири болуп кызмат өтөгөн.

Согуш бүткөндөн кийин Алма-Ата шаарында Абай Кунанбаев атындагы университетти бүтүргөн, психология жана педагогика илимдеринин кандидаты. 21 медалдын ээси. Гвардиянын отставкадагы майору.

 Золотарев Петр Васильевич

Золотарёв Пётр Васильевич

1922-жылы 7-сентябрда төрөлгөн.

         1941-жылы 7-ноябрда аскерге чакырылгандыгы үчүн ант берген. 1942-жылы батыш фронтуна чакырылып. 1943-жылы жаракат алган, азыркы учурга чейин көкүрөгүндө согуштан калган осколоктор сакталып калган. 1944-жылдары Москва, Самарканд шаарларында дарыланган. 1945-жылдын аягына чейин подполковник деген аскер наамын алып кызмат өтөгөн. Ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга жиберилип 1975-жылдан бери биздин Каракол шаарында жашайт.

 Емельянов Федор Андреевич

Емельянов Федор Андреевич

1922 жылы 7-ноябрьда Ысык-Көл облусунда Ананьево айылында туулган.

7-классты бүтүрүп колхоздо РСУда трактор оңдоп жер айдап жардам берип иштеген. 1942 жылы согуш башталганда армияга чакырылып Сталинградда согушка катышкан. Белорус фронтунда Роносовскийдин башкаруусунда кызмат өтөгөн. Биринчи сыйлыкты маршал Жуков тапшырган, Москва шаарында паррадка катышып И.В. Сталинди көргөн.

Польшага чейин жетип үч жолу жарат алган, 1948-жылы согуштан өзүнүн биртууган айылына кайтып келген. Федор Андреевич 5 медалдын жана  2 ордендин ээси. Азыркы учурда Каракол шаарында жашайт.

 Усманов Нармат

 Усманов Нурмат

1925-жылы Ысык-Көл областында Пржевальск шаарында төрөлгөн.

           1943-жылы согушка өз каалоосу менен кеткен. Сталинград фронтунда согушка катышкан. Кенже лейтенант курсун бүтүп 24, 1261.602 аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Үч жолу жаракат алып, 1945-жылы октябрь айында запаска кеткен. Көптөгөн Улуу Ата Мекендик согушундагы сыйлык медалдарынын ээси.

 Эркинбаев Асан

Асан Эркинбаев

1921-жылы Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылында төрөлгөн.

         1942-жылы май айында Советтик Армиянын катарына чакырылып үч ай Фрунзедеги жөө аскерлер мектебинде окуп 1942-жылы август айында 9-гвардиялык дивизиянын жоокерлери менен Калинин фронтунда душмандарга каршы айгышкан согушка катышкан. Великие Луки шаарын, Проковьева, Андрейкино, Макарова айылдарын бошотушкан.

Великие Луки шаарын бошотууда оор жарадар болуп, Арзамак шаарында үч ай дарыланып, майып болгонуна байланыштуу айылына кайтып келген. Өкмөт тарабынан Ата-Мекендик согуштун ар кандай даражадагы орден жана медалдары , 15 юбилейлик медалы, үч жолу КПСС грамоталарына татыктуу болгон.

«Согуш жашоодогу эң жаман, ыплас көрүнүш» экендигин ошол алаамат далилдерден эстейт Асан аба.

Абдувалиев Рафкат

Абдувалиев Равхат Зиятдинович

1927-жылы 10-апрелде Ысык-Көл областындагы Пржевальск шаарында төрөлгөн.

         1944-жылы 17-жашында аскерге чакырылып Уфа шаарына жакын Алкино жергесинде 2 айлык аткыч-снайпердин курсун бүтүрөт. Ал кезде согуш аяктап калгандыктан батышка Монголияга, андан ары Манчжурияга (Кытайга) которулган 1945-1951-жж. Советтик Армиянын куралдуу күчтөрүнүн 8-Гвардиялык бөлүгүндө кызмат өтөйт. 1951-жылы запастагы жоокер катары өзү төрөлгөн Пржевальск шаарына кайтып келет. 1954-ж. Пржевальск шаарындагы сүт заводунда айдоочу болуп эмгектенет. 1990-ж. пенсияга чыгат.

 Кулаков Константин Федорович

КУЛАКОВ КОНСТАНТИН ФЕДОРОВИЧ

1925-жылы 9-августта Алма-Ата областындагы Динамо колхозунда  Кокпак айылында төрөлгөн.                                             1932-жылы 10-классты бүткөн.

1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат да, ал жерде аны согушта кызмат кылуу үчүн даярдашып старшина деген наамды берет.                       3-белорус фронтуна которулат да, Белоруссиянын  согуш талаасында пулемётчик болуп кызмат өтөйт, Кензбергге чейин жетет. Чыгыш фронтуна Японияга жиберилет. Андан 1949-жылы бир тууган айылына кайтып келет.

Согуштагы көрсөткөн эрдиктери үчүн 12 медалдын, 4 төш белги ордендердин ээси. 1975-жылдан бери ардактуу эс алууда.

Азыркы учурда Каракол шаарында жашайт.

Мелиховский Геннадий Михайлович

Мелиховский Геннадий Михайлович

1933-жылы 5-октябрда төрөлгөн. Атасы 1941-ж. фронтко чакырылып Ленинград шаарын коргоодо каза болгон. Энеси 1942-ж. каза болуп, Геннадий карындашы экөө балдар үйүнө жиберилген. Ленинграддагы блокадада аларды Краснодар шаарына  андан Армавир, Баку, андан ары Красноводск, ал жактан Ташкент шаарына, анан Фрунзе, Ысык-Көл областындагы Саруу айылына балдар үйүнө жеткирилишкен. Кызыл-Кыядан кесиптик окуу жайын бүтөт.

1945-ж. Пржевальск шаарына келип, ошол жылдардан бери Каракол шаарында жашап келет.

 Соколова Нина Александровна

Соколова Нина Александровна

 1929-ж. 22-декабрда Ленинград шаарында төрөлгөн.

Улуу Ата Мекендик Согушта балдар лагеринен үйүнө келе жатканда немецтердин самолёттору биз келе жаткан поездге бомба ташташты. Энем жумуштан (заводдон) үйгө кайтпай калды. Алар иштеген заводко бомба түшүптүр. Мен болсо чоңдор менен бирге карыларды бомба убежищеге алып барганга, анан окоп казганга жардам бердим. Баарынан коркунучтуусу биз үчүн ачарчылык болду — деп эскерет Нина Александровна.

Нина Александровна жер которуп жашап жүрүп, Ысык-Көлгө туш болду. 30 жыл мектепте мугалим болуп иштеди. Көптөгөн төш белгилери менен сыйланды.

Воронцова Людмила Николаевна 

Воронцова Людмила Николаевна

1935-жылы 22-июнда төрөлгөн.

Башка балдардай эле согуш башталганда Ленинграддан Ульяновск шаарына балдар үйүнө жиберилген. Бой жеткенде завод-фабрикаларда иштеди. Казакстанда дың жерди өздөштүрүүдө катышкан. 1968-ж. Ысык-Көлгө келип суу башкармалык тармагында эмгектенген.

Людмила Николаевна көптөгөн төш белгилери менен орден, медалдардын ээси. Концлагердин жашы жете элек туткуну.

 Газиходжаева Халбүбү Абдрахмановна

        Газиходжаева Халбүбү Абдрахмановна

1923-жылы Ысык-Көл облусунда Пржевальск шаарында төрөлгөн.           7-классты бүткөндөн кийин Фрунзе шаарындагы Ички Иштер Министрлигиндеги мектепти бүтөт. Ысык-Көл облусундагы Ички Иштер башкармалыгында жашыруун бөлүмүндө лейтенант наамында кызмат өтөйт.

1941-1945-жж Улуу Ата Мекендик Согушта Германияны жеңгендигине-Жуков атындагы медалы, согуштун бүткөндүгүнө 50 жыл, 60 жыл деген медалдары менен сыйланган.

1979-ж. «Эмгектин ардагери»-деген медалы менен сыйланган.

 Ахмедгалиев Садык

Ахмедгалиев Садык

1922-жылы 15-мартта төрөлгөн.

1940-жылы Пржевальский шаардык аскер комиссариаты аркылуу чакырылган.

1942-жылы Сталинградда болгон согушка катышкан. Ленинград шаарын блокададан куткарууда катышып 14 сутка сазда курчоодо калган.

Берлинге 140 км жетпей калган. 1941-1945-согуш жылдардагы эрдиги үчүн көптөгөн медалдардын ээси! Согуштун майыбы.

 НЕВЗОРОВ КОНСТАНТИН АНДРЕЕВИЧ

НЕВЗОРОВ КОНСТАНТИН АНДРЕЕВИЧ

        1926-жылы июнь айында Оренбург облусундагы Бузулук районунда Колдубановский кыштагында төрөлгөн. 7 класс билими бар, 18 жашында 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат.

Пулемётчиктин курсун бүтүрүп Белорусиядан аскердик милдетин баштаган. Молоденщинада перевалочный база бар болчу, ал жерден бүт согушка керектүү ок-дарыларды, курал-жарактарды алышчу.

Кенезберг, Белорусиянын көптөгөн талааларында согушкан. Согуш бүткөн соң 1947-жылы өз айылына келет.

Андан Кыргызстанга келип Фрунзе шаарындагы гидромелеорация техникуммун бүтүрүп, ошол тармакта 1981-жылга чейин иштеп пенсияга чыгат.

1941-1945-жж. Согуштун жеңишине 30 жыл, 40 жыл, 50. 60, 65 жылдыгына карата медалдар жана ордендер менен сыйланган.

Жакында Согуштун бүткөндүгүнүн 70 жылдыгына карата Белорусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен өзүнчө юбилейлик медалы менен сыйланды.

Козлова Лариса Валентиновна

КОЗЛОВА ЛАРИСА ВАЛЕНТИНОВНА

1922-жылы 17-мартында Курск областындагы Казанский айылында төрөлгөн.1942-жылы аскерге чакырылып Архангельск шаарындагы аэродромдо батальондун айдоочусу болуп кызмат өтөйт. Козлова Л. В.-көптөгөн медалдардын жана ордендердин ээси.

1941-1945-ж. согуштун бүткөндүгүнө 20-жыл, 50-жыл, 60-жыл деген медалдары менен сыйланган. 1941-1945-жж. «Согуштун ардагери» жана «Эмгектин ардагери»-деген медалдарына татыктуу болгон.

 Салахов Гельмандин

САЛАХОВ ГЕЛЬМАНДИН ФАЙХУТДИНОВИЧ

1927-жылы 18-октябрда Татар АССР-де Задрашка кыштагында төрөлгөн. 1944-ж. армияга чакырылып 254-аткычтар полкунун курсанты болот.

1945-ж. 219-гвардиялык полкто аткыч болуп кызмат өтөгөн. 1946-жылы Батыш округунда «Смерш» аткычтар взводунда, 62565-аскер бөлүгүндө аткыч деген милдетин аткарып 1951-ж. ефрейтор деген наамда аскерден кайтат.

Согуштун бүткөндүгүнүн 50жылдыгына карата медалы, СССР-дин Жогорку Советинин Президиумунун юбилейлик медалдарына ээ болгон. Азыркы учурда Каракол шаарында жашайт.

Мусиенко Вера Павловна

Мусиенко Вера Павловна

Бала кезинен концлагерде туткун болгон. Ал 1934-жылы Ленинград шаарында төрөлгөн. Согуш башталаар алдында ич келте оорусу менен ооруп ооруканада эле. Ал 7 жашта болчу. Атасы аны ооруканадан алып үйүнө бара жаткан учурда көкүрөгүнө бомба түшүп каза болгон.

        Немецтер шаарга киргенде ооруканада жаткан оорулууларды кууп чыгышкан. Вера 4 жаштагы Юра деген бала менен көрүнгөн жерде немецтерден жашынып качып жүрүштү. Аларды немецтер кармап алмайынча жылаңайлак, ачка көңтөрүлгүн кайыктарда жашап жүрүштү. Концлагерде 1943-жылга чейин  кармашып, аларды Латвияга которушту., андан Германияга жиберүүгө даярдап жатканучурда вагонго бомба түшүп аларды немецтер чачыратып ар кайсы жакка таратып жиберишти. Ал Корелияга туш болду. Немецтер аларды күндө немецтердин гимнин ырдатчу. Нанды үйүп коюп, балдарды тегерете бастырчу, Ким колун нанга сунса аларды аябай сабашчу.

         Көп жылдар шаардын басмаканасында эмгектенип келди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*